Депутат Ысык-Көл менен Баткенде казино ачууну сунуштады

9 марта 2020 11:51 1449 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Эгерде биз туризмдин келечегин ойлосок, Ысык-Көл жана Баткен сындуу алыскы аймактарда чет өлкөлүк жарандар үчүн казинолорду ачып, ал эми кумар оюунуна кыргыз жарандарын киргизген казинолорго 50-100 миң долларга чейин айыппул салуу керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде бинордук тооруктарга кумар оюну катары тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы жазды.

Депутат Марлен Маматалиев мындай сунушту колдой турганын белгилөө менен бирге, мыйзамдын өзүндө минтип жазууга болбой турганын, анын үстүндө Экономика министрлиги ырааттуу иш алпарууга тийиш экенин айтты.

Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири депутат Төрөбай Зулпукаров 2011-жылдан бери бир кумар оюну жабылса, экинчиси пайда болуп келатканын эске салып, дегеле казино ачууга каршы оюн билдирди. 

“Казинону кайра ачуунун жаманаттысы парламентке калат. Мурда дагы ушундай аркеттер болгон, депутаттар тобунун катуу каршылыгы менен араң токтотулган”, - деп, ал өз кесиптештерин кайрадан казино ачуу идеясынан баш тартууга чакырды.

Эске салсак, Кыргызстанда кумар оюн жайларын ачууга тыюу салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/t-zulpukarov-z-kesipteshterin-kajradan-kazino-achuu-ideyasynan-bash-tartuuga-chakyrdy



Добавить комментарий

  • Жылдызбек 5 лет назад
    Мен каршымын, себеби казинодон ошол ойноп жаткан Адам учун эч кандай пайда жок, ал кишинин акчасын алдап алып койгонго барабан. Канча кишилер, уй булолор зыян тартып жатат. Акча табыш учун бироолордун зыян тартышы керек эмес. Канча жаш балдар ар кимден карызга алып уттуруп жиберип жатышат.