Өтө чоң иштин бети ачылды. Күч органдары пенсионер аялдын бир графин самогонун жок кылышты

9 июля 2021 15:26 1056 Barometr
Поделиться в:
ok

Украинанын Коростень шаарында жергиликтүү байбиче жашырып койгон 3,5 литр самогонду полиция кызматкерлери утилизация кылышты. Бул тууралуу Facebook баракчасына Коростень райондук полиция башкармалыгы жарыялаганын “Барометр” билдирет.

“71 жаштагы жергиликтүү тургундан самогон табылып, тартылып алынды жана жок кылынды”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле укук коргоо органдары пенсионердин үйүнүн сүрөтүн жана самогонду кантип жок кылышканы тууралуу фотолорду бөлүштү.

Полициялар самогон жасоо, сатуу боюнча маалымат билген жарандар болсо кабарлап коюну өтүнүштү.

Ссылка: https://barometr.kg/t-cho-ishtin-beti-achyldy-kch-organdary-pensioner-ayaldyn-bir-grafin-samogonun-zhok-kylyshty



Добавить комментарий