Кыргызстан Казакстанга жардам берүүгө даяр. Президенттер телефон аркылуу сүйлөштү

10 февраля 2020 18:02 525 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Токаев менен Казакстандын Кордай районунда түзүлгөн абалды талкуулады жана ага колдоо сөздөрүн билдирди.

Жээнбеков Кыргызстан элинин атынан Кордай районунда болгон окуянын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез айыгып кетүүсүн каалады.

Жээнбеков Кыргызстан оор мезгилдерде боордош казак элине ар дайым жардам берип келгенин жана жардам берүүсүн уланта берерин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу күн тартибинин келечек маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы Кордай районунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундар мушташып, бири-биринин үй-жайын өрттөп жиберишкен.

Мушташ казак менен дунган улутунун өкүлдөрү ортосунда болгон.

Кордайда болгон массалык мушташтан кийин Казахстандан Кыргызстанга дунган улутундагы жарандар массалык түрдө чыгып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/szheenbekov-kasym-zhomart-tokaev-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий