Казакстанда эл мушташып бири-биринин үй-жайын өрттөп жиберишти. Үрөй учурган видео
Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагындагы Кордай районунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундар мушташты. Анын видеосу социалдык тармактарга жайылды.
Алдын ала маалымата боюнча мушташ казак менен дунган улутунун өкүлдөрү ортосунда болгон. Айрым кабарларга караганда дунган улутундагылар 82 жаштагы карыяны сабап койгондуктан мушташ чыккан.
Жамбыл облустук полиция департаментинин маалыматы боюнча күч түзүмдөрүнүн аракети менен жаңжал басылып, абал көзөмөлгө алынган. Аталган факты боюнча “Бейбашчылык” беренесине ылайык, тергөө амалдары башталды.
Ал ортодо полиция жарандарды бир гана расмий маалыматтарга ишенүү керектигин, эки элдин ортосуна чагым сала турчу кабарларга ишенбөөгө чакырды.
Кордайда болгон окуяга президент Касым-Жомарт Токаев дагы үн катып, бейбаш топтор ортосунда чыккан мушташты чагымчылдар өз пайдасына колдонууга аракет кылганын билдирди.
“Муну менен чагымчылдар колдонуу аракетин көрүштү. Полиция абалды жөнгө салып, көзөмөлгө алды. Коомдук тартипти бузгандар жоопкерчиликке тартылат”, — деп Токаев Twitter баракчасына жазды.
Добавить комментарий ×