Сузакта токмоктолгон эки жашар бала чарчап калды
Поделиться в:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки жашар бала токмок жеп чарчап калды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, 27-январда Октябрь айылындагы ооруканага денеси көгала болгон бала жеткирилген. Ал 2017-жылы туулганы аныкталган.
Анын апасы каза болуп калганы жана атасы Россияда иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Баланы атасынын агасынын аялы карап жүргөн, алардын да үч баласы бар.
Милиция балага аял кол көтөрүшү ыктымал деп шек саноодо. Учурда сурак иштери жүрүп жатат. Ошондой эле сот-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-tokmoktolgon-eki-zhashar-bala-charchap-kaldy
Добавить комментарий ×