Сузакта рейд учурунда бир топ кылмыштын бети ачылды

24 июня 2020 11:54 914 Barometr
Поделиться в:
ok

Сузакта «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, бир топ кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу "Барометрге" Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-23-июнь күндөрү Сузак РИИБи тарабынан район аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана таажы илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, айыл башчылары менен РИИБдин МУУнун жана ЖИИнин кызматкерлери атайын түзүлгөн иш- мерчем боюнча иш алып барышты. Алдын алуу иш-чарасы учурунда РИИБде катталып, КРнын КЖКнин 360-беренеси (эски редакция) менен айыпталып, издөөдө жүргөн 1998-ж.т. Т.С. РИИБдин ЖИИнин жана милициянын участкалык инспекторлору тарабынан кармалып УКЖга киргизилген. Ошону менен катар «Ээнбаштык» жана «Уурдоо» фактыларынын бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Иш-чара учурунда РИИБдин кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп бузуулар боюнча 28 протокол түзүлгөн. Андан сырткары жалпы 195 кожолук текшерилип, профилактикалык каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-eenbashtyk-zhana-uurdoo-faktylarynyn-beti-achyldy



Добавить комментарий