Сузакта аялынын мойнуна дөңөлөк байлап алып сабаган киши 2 жылга кесилди
Сузактагы аялын аёосуз сабаган киши күнөлүү деп табылып, сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, сот айыпталуучуну эки жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмүн чыгарды. Ал сот залында камактан бошотулду.
Эскерте кетсек, окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде болгон. Анда Сузак районунун 1969-ж.т. тургуну Б.З. үйүндө 1973-ж.т. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, колун байлап, чакалап суу чачып сабап жаткан видеосу тараган. Аялына зомбулук көрсөткөн адам 13-июнда 15 күнгө убактылуу кармоочу жайга камралган.
Зомбулукка туш болгон аял милицияга арыз жазган, бирок көп өтпөй арызын кайтарып алган.
Ссылка: https://barometr.kg/suzakta-ayalynyn-mojnuna-dlk-bajlap-alyp-sabagan-kishige-km-chykty
Добавить комментарий ×