Сузак районундагы милиция бөлүмүндө 48 жаштагы эркек каза тапты

3 сентября 2021 13:46 2894 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад областында милиция бөлүмүндө 48 жаштагы эркек каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган маалыматка таянсак, 31-августта саат 23.10до Сузак районундагы ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Туу милиция бөлүмүндө 40-45 жаштагы эркек кишинин каза болгону тууралуу кабар түшкөн.

Ошондон кийин милиция бөлүмүнө ыкчам топ, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Эрнис Сатаров, прокурордун орун басары Мирбек Тажибаев келишкен.

Ошол күнү эркек киши мас абалында Муңдуз айылындагы дүкөндөрдүн биринде чатак салганы белгилүү болду.Дүкөндүн ээсинин арызы боюнча аны милиция бөлүмүнө алып келишкен.РИИБде ал өзүн жаман сезип суу сураган. Милиция кызматкери суу берип, тез жардам чакырган.Алгачкы медициналык жардамды берип жаткан маалда эркек киши белгисиз себептерден улам каза тапкан. Соттук медициналык-экспертиза дайындалды.

Каза тапкан адам 1973-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну Т.Р. экени аныкталды. Анын сөөгү туугандарына берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonundagy-miliciya-blmnd-48-zhashtagy-erkek-kaza-tapty



Добавить комментарий