Сузак районунда үй толугу менен күйүп кетти
Акыркы сутка ичинде Жалал-Абад облусунда үч өрт кырсыгы катталды. Бул туурлуу ӨКМдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Сузак районунун Масадан айылында Бекмурзаев көчөсүндөгү №3 үй толугу менен күйүп кетти. Анын жалпы аянты 170 м2 болгон. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ошондой эле, Майлуу-Суу шаарында, Кутманов дарегинде жайгашкан №6 көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде, чач кургаткычтын айынан өрт чыккан. Куткаруучулар келгенге чейин өрт бир аз басаңдаган.
Ал эми үчүнчү өрт Кара-Көл шаарында катталды. Экинчи Ак-Кыя участкасында, №86 сарайдын 24 м2 чатыры жана тоют чөптөрү күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/suzak-rajonunda-j-tolugu-menen-kjp-ketti
Добавить комментарий ×