Сузакта Кызыл китепке кирген куштарды аткан жаран кармалды (Сүрөт)

6 августа 2020 12:54 1643 Barometr
Поделиться в:
ok

Сузактын милиция кызматкерлери Кызыл китепке киргизилген ак кунастарды аткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 4-августта интернет айдыңына белгисиз эки жарандын Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилип коргоого алынган, “Ак кунастарды” кармап, өлтүрүп алып түшкөн сүрөттөрү тараган. Мындан сырткары Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти тарабынан ак кунастарды аткандарга чара көрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБне кат жолдонгон. Аталган каттын негизинде облустук милиция тарабынан ШРИИБдерге маалымат жеткирилген.

Сузак РИИБдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам- иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында ак кунасты аткан жаран кармалды.

"Окуя 30-июлда саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Сузак районунун 1997- ж.т. тургуну Э.Э. өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде учуп бара жатышкан, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилип, коргоого алынып, атууга жана жок кылууга тыюу салынган 3 даана “Ак кунасты” (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. Кийин бир тууган иниси 2000-ж.т. Э.Ж. келип, атылган ак кунастарды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар  5-августта Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 144- беренеси (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу курал акт түзүлүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.



Ссылка: https://barometr.kg/suzak-miliciyasy-kyzyl-kitepke-kirgizilgen-ak-kunastardy-atkan-zharandy-karmady-srt



Добавить комментарий