Сууну үй шартында кантип тазалап ичүү керек?

14 марта 2022 16:05 3109 Barometr
Поделиться в:
ok

Суусуз жашообузду элестетүү мүмкүн эмес.Бирок суунун курамына кошулуп кеткен дат баскан куурлардан агып келген заттардан кантип арылууга болот?

Бутилдеги суунун дайыма тапшырык берип турууга мүмкүн болбой жатса кантебиз? Анан калса анын баасы дагы бир кыйла болуп, бюджетке күч келтирет.Бирок сууну үй шартында тазалап ичүүнүн бир нече ыкмалары бар. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Эң эле жагымдуу вариант ар кандай модификацияда чыгарылган тазалоочу фильтирлер.Кранга орнотулган насадкалар менен фильтркумаралар жакшы жардамчы.

Сууну тундуруп алуу керек

Бул үчүн болгону аны кенен идишке куюп коесуз, түнкүсүн койгон пайдалуу, эртең менен төрттөн бир бөлүгүн акырын сузуп алып колдонуп, калган бөлүгүн төгүп саласыз.Мындай болгон учурда туура эмес оору металлдар суунун түбүндө калат.

Муз фильтр

Тоңдурулуп кайра эритилген суу абдан пайдалуу. Бул үчүн желим бөтөлкөлөрдү алып аларга сууну бөксө куюп муздаткычтын катуу муздаткан бөлүгүнө салабыз.

Жарымынан ашык суусу тоңгондон кийин аны алып чыгып колдонобуз ал эми музду эриткенден кийин пайдаланса болот.Бирок  муз тунук болуш керек. Анын киргилт тартып турганы суунун курамында туура эмес элементтердин болушунан кабар берет.

Ссылка: https://barometr.kg/suunu-j-shartynda-kantip-tazalap-ich-kerek



Добавить комментарий