Сууга агып кеткен 26 жаштагы жигит изделип жатат
Поделиться в:
Жалал-Абад областынын Аксы районунда кечээ 2-апрелде Кара-Суу дайрасына түшүп кеткен 26 жаштагы жигит изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тегирмен-Сай айылынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат ӨКМга 2-апрелде кабарланган. Окуя болгон жерге куткаруучу топ барып, бирок издөө иштери натыйжа берген жок.
Бүгүн, 3-апрелде издөө иштери уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/suuga-agyp-ketken-26-zhashtagy-zhigit-izdelip-zhatat
Добавить комментарий ×