Сургуттагы өрттөн кучакташкан бойдон каза болгон балдардын сөөгү Кыргызстанга алып келинди

17 марта 2021 16:12 3412 Barometr
Поделиться в:
ok

Орусиянын Сургут шаарындагы өрттөн каза болгон балдардын сөөгү Кыргызстанга бүгүн 17 мартта алынып келди. Беш жана сегиз жаштагы балдардын сөөгүн атасы Ош эл аралык аэропортунан тосуп алды. Бул тууралуу “Барометрге” каза болгон балдардын туугандары кабарлады.

Туугандарынын айтымында, балдар Базар-Коргон шаарында жерге берилет.

Балдардын сөөгүн Орусиядагы кыргыз диаспорасы, консулдук кызмат жана Сургут шаарындагы кыргызстандыктар каражат чогултуп, Кыргызстанга салып жиберген.

Ал эми, маркумдардын апасы ден соолугуна байланыштуу Кыргызстанга келе албаганы айтылды. Анын абалы оор жана ушул тапта психиатриялык ооруканага жаткырылды.

Сургутта буга чейин, ачылган кылмыш ишинини негизинде 17 мартта соттук отурум болмок.

Эске сала кетсек, 11-март күнү Россиянын Сургут шаарында турак үйдөн өрт чыгып, Кыргызстандын 8 жана 5 жаштагы эки жараны каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/surguttagy-rttn-kaza-bolgon-baldardyn-sgn-osh-aeroportunan-atasy-tosup-aldy



Добавить комментарий