Сургуттагы өрт. 8 жана 5 жаштагы кыргыз балдары кучакташкан бойдон каза болушкан
Россиянын Сургут шаарында турак үйдөн өрт чыгып, кыргызстандын 8 жана 5 жаштагы эки жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Өрт кырсыгы кече, 11-март күнү Россия Федерациясынын жергиликтүү убакыты боюнча саат 09:20 чамасында Сургут шаарына жакын жерде болгон.
“Кырсыктын кесепетинен, Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандары 2012 – жылы туулган А.А.,. жана 2015 – жылы туулган А.М., каза болгон.
Окуя болгон жерде Россиянын тергөө комитетинин Сургут шаары боюнча тергөө бөлүмү иштеп жатат, ошондой эле бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.
Каза болгон жашы жете элек балдар апасы жана чоң апасы менен жашашкан. Окуя болгон учурда үйдөгү балдар чоңдордун көзөмөлүсүз жалгыз калышкан. Эртең менен апасы жумушка кеткен.
Белгилүү болгондой, каза болгон балдардын энеси Сургут шаарындагы клинингалык компаниялардын биринде иштейт. Такталбаган маалымат боюнча, операциядан кийин балдардын чоң апасы ооруканада жаткан.
Учурда, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Сургут шаарындагы канцеляриясы каза болгон балдардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу боюнча кыргыз коомдук бирикмелеринин активисттери менен координациялык иштерди жүргүзүп жатат.
Бул маселе элчиликтин Сургуттагы канцеляриясынын көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми, орус басылмалары бул кырсыктан каза болгон эже-ининин сөөгүн биринчилерден болуп өрт өчүрүү кызматы тапканын жазып жатышат. ӨКМ кызматкерлери өрттөнүп жаткан үйдү өчүрүп жатканда кошуналардын "үйдүн ичинде жаш балдар болушу мүмкүн" деген маалыматынан кийин балдардын сөөгү табышкан.
ӨКМ кызматкерлеринин айтымында, эже-ини кучакташкан бойдон каза болушкан. Алдын ала маалымат боюнча, өрт чыккан учурда балдар катуу уктап жаткан жана күйүп жаткан жытты сезишкен эмес.
Добавить комментарий ×