Сулуу кыздарды “Ак-Мөөр-Соң-Көл" конкурсуна катышууга чакырышты

2 июля 2019 17:36 2298 Barometr
Поделиться в:
ok

Соң-Көл жайлоосунда  "Ак Мөөр” фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Ак-Талаа райондук админстрациясы, Кыргызстан аялдар конгресси жана Маданият, маалымат, туризм министрлиги менен бирдикте "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" алкагында 19-20-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосунда "Ак -Мөөр" аталыштагы фестивалын өткөрөт.

Программада: "Улуу кыргыз көчүнүн" көргөзмөсү, "Ак-Мөөр- Соң-Көл" сулуулук конкурсу,"Кыз-жигит сармерден" оюну, Этно мода көргөзмөсү, Кол өнөрчүлүк, Этно базар,Улуттук спорт оюндары болот.

Фестиваль гала-концерт менен жыйынтыкталат.

“Ош, Жалал- Абад, Талас, Нарын, Ысык-Кол, Баткен, Чуй облусунун 17 жаштан 25 жашка чейинки сулуу кыздары “Ак-Мөөр-Соң-Көл" сулуулар конкурсуна катышам десеңер, 0553-25-21-53 номерине чалып байланышсаңар болот.

Досторду Сон-Көлго чакырам, жайдын аптабында бир күндө төрт мезгил (кыш, жай, жаз, күз) болгон, салкын абалуу Соң-Кол жайлоосуна барып эс алып келиниздер!”,-деп маалымдашты уюштуруучулар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/suluu-kyzdardy-ak-mr-so-kl-konkursuna-katyshuuga-chakyryshty



Добавить комментарий