“Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсүнө эл аралык даражадагы сыйлыгы тапшырылды
“Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашовго “Түрксой” эл аралык уюмунун жогорку даражадагы сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Меценат, “Алтын комуз” байгесинин негиздөөчүсү, “АНТ Профи” ЖЧК ишканасынын директору, эл аралык бизнес кошунун мүчөсү Ниязбек Айбашовго “Түрксой” эл аралык уюмунун жогорку даражадагы сыйлыгы ыйгарылды.
Анда “Түрксой” эл аралык уюму Ниязбек Айбашевдин маданият жаатына кошуп жаткан салымын жана өнөр адамдарына шык берип, аларды колдоого алып жатышы өзгөчө алкоого арзый турганын белгилеген.
Ниязбек Айбашев Кыргыз Республикасынын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында 2014- жылдан бери “Алтын комуз” байгесин негиздеп, “Ак тандай” коомдук фондунун жетекчиси Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти” Абдибали Бурканович Акимбековдун бирге иштеп келет.
Мындай аракеттер аркылуу 2015- жылы биринчи жолу Ош шаарында 50 жакын акындын катышуусунда ак тандайлардын айтышын уюштуруп, алгачкы жолу баш байгеге “Алтын комуз” байгеси коюлган. Жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматтула Козукеев ээ болсо, экинчи “Алтын комузду” 2021- жылы Ош шаарындагы Улуттук тарых музейине, ошондой эле, ак таңдайлардын айтышында Баян Акматов тапшырылган.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен, август айында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине тапшырылса, андан соң, “Алтын комуз” байгесин Бишкек шаарындагы “Ынтымак” сейил багында өткөн ак тандайлардын айтышында төкмө акын Жылдызбек Торокановго тапшырылды.
Добавить комментарий ×