Он гүлүнүн бири ачыла элек студентке баңгизатын атайылап таштап, тагдырына балта чабуу аракети болууда

18 февраля 2020 20:44 6429 83 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда ИИМ Академиясынын 19 жаштагы студенти Даниел Азимовдун иши каралууда. Ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү былтыр апрелде баңгизатын атайылап ташташкан.

Ишти сот Абдуллаев Б. А. карап жатат.

Сотто студентти кармоо учурунда болгон баш аламандык орун алууда. Себеби, сот УКМКнын өкүлдөрүнүн бир-бирине дал келбеген көрсөтмөлөрүнө көңүл бурбай жатат.

Сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу студенттин күнөөсүн далилдегенге аракет дагы кылышкан жок. Ошол эле маалда сот дагы ишти кароо учурундагы дал келбөөчүлүккө көз жумуп, айыпталуучунун укуктарын бузуп жатат.

Сот учурунда ойго келбеген, акылга сыйбаган окуялар болуп кетүүдө. Себеби соттун жүрүм-турумун көргөн киши ал ишти карабай эле эптеп жабууга аракет кылып жатканын туят. Жактоочулардын келтирген өтүнүчтөрү канааттандырылбай жатат.

Сотпу, же эмне?

Сот жыйын учурунда укук коргоо органдары өздөрү эле атайылап салып койгон баңгизатын далил катары көрсөтүүнү керек эмес деп жатат. Бул поцессуалдык норманын бузулушу да. Мыйзам боюнча сот иштин бардык жагдайын карап чыгышы кажет. Биринчи кезекте далил буюмдар, нерселер көрсөтүлүшү керек. Же тергөө маалында далил нерселер жоголуп кеткенби? Балким иштин баары ошондо болуп жүрбөсүн?

Студентти кармоо учурунда калыс күбөлөр (понятой) болгон эмес, башкача айтканда калыс күбө жок эле өздөрү баңгизатын салып коюп кармашкан. Тергөө калыс күбө болбогонунун себебин кармоо учуру толугу менен видеого тартылган деп жүйө келтирүүдө. Дал ошол видео жазуунун негизинде жигитке айып тагылган.

Бирок ишти караган сот ошол видеону көрбөгөнү көп суроо жаратат. Жактоочулардын бул боюнча берген өтүнүчү ар кандай шылтоо менен канааттандырылбай келет.

Сот эмне себептен мындай мамиле кылышы ыктымал? Балким видеодо жигиттин күнөөсүн далилдеген факты жоктур, же видео бөлүнүп-бөлүнүп тартылганбы? Эгер андай болсо бир жыл жөн эле камакта отурган жигитти коё берүү керектир...

Адилеттүүлүк кайда?

Сот менен укук коргоо органдары он гүлүнүн бири ачыла элек жигиттин тагдыры менен ойноп жатканда анын ата-энеси адилеттүүлүк издеп барбаган жери калган жок.

Былтыр жайында жигиттин атасы Нурбек Азимов президент Сооронбай Жээнбековго дагы кайрылган. Себеби Жээнбеков ажо болор алдында Конституцияны кармап ант берип, ар бир жарандын укугун мыйзамсыз аракеттерден коргой турганын айткан.

Балким ак жеринен садага чабылып кеткен жигиттин атасынын кайрылуусу президентке жеткен эмес? Же президентке жетип, ал укук коргоо жана сот системасы канчалык сазга батып калганын түшүнбөй жатабы?

Жаш жигиттин башына келген бул окуя абдан олуттуу жана көйгөйлүү маселени көрсөтүп турат. Анткени бул прецедент жана турган мыйзамсыздык. Ушул баланын тагдыры кимдир бирөөнүн сүйүктүү баласынын, небересинин башына келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Баланын атасы президенттен сот адилеттүү чечим кабыл алышын жалбарып суранат. 19 жаштагы жигит эч кандай кылмыштарга катыштыгы жок, буга чейин эч кандай мыйзам бузган эмес жана окуусунда үлгүлүү студент.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 20-апрелде ИИМ Академиясынын студенти Даниел Азимовду баңгизатын сактаган жана сатууну пландаган деген айып менен кармашкан. Аны кармоо учурунда жанында досу болгон. Досу сотто берген көрсөтмөсүндө УКМКнын кызматкерлери Даниелди жерге басып алып чөнтөгүнө баңгизатын салууга аракет кылганын айткан. Баңизаты чөнтөгүнө батпагандыктан күчкө салып курткасынын чөнтөгүн айрып, жерде жаткан баланын алдына баңгизатын коюшкан.

Аны жерге бир нече саат басып жатышып, бул учурда башка-көзгө койгулашкан. УКМКнын кызматкерлери мындай жоругу менен мыйзамды бузуп, студентти кыйнаганы айдан ачык көрүнүп турат.

Нурбек Азимов укук коргоо органдарынын кызматкерлери баласын кармоо үчүн аны жумуш беребиз деп алдап, Борбор Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) 12-кичи району жактагы киши жок аймакка алдап азгырып барышкан.

Уулу кармалгандан кийин Нурбек Азимов Нарындан келип, иш менен таанышууга аракет кылганы менен ага материалдарды берген эмес. Ал УКМКдагы тааныштары менен сүйлөшкөндө уулун куткарып алуу үчүн көп суммадагы долларды даярдап коюусун талап кылышкан. Анын мынча акчасы жок экенин айтканда, жылкыларын, шаардагы жер тилкесин, соода кылган павильонун сатып, жетпей калган сумманы туугандарыңан сура деп айтышкан. Андан сырткары байлыкты тапса болорун, баланы табууга болбой турганын билдиришкен.

Соттун кийинки отуруму 21-февралга пландалган. "Барометр" агенттиги окуянын өнүгүшүнө көз салып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/glnn-biri-achyla-elek-studentke-bagizatyn-atajylap-tashtap-tagdyryna-balta-chabuu-araketi-boluuda



Добавить комментарий

  • Алтынбек 4 года назад
    Блин көттөр, ушул жаш балага кучунөр жеттиби? Чек арага барып, өзбек м.н тажиктерге чыгаргыла кучунөрдү.Алардан коркушат анткени көттөрүн айрып салышат.
  • Акмактар чыныгы кылмышкерлер сыртта журотко ошолорду корбогон козунорду чукуш керек силердин.
  • Бошоткула баланы акмактар
  • Жаш баланын тагдырына балта чаппагыла Атасында бироонун очу барго болбосо атайын наркотик заттын салбайт эле анын жылкысы дукону барын билген киши Адилеттуулук керек баарыбыздын балдарыбыз бар
    • Азыркы учурда ар ким озу учун жашаш кк болуп калбадыбы. Бироодо кек сактап аны башка бироодон чыгаруу бул туура эмес деп ойлойм. Бул жерде баланын куноосу жок экени билинип эле турбайбы? Карупсия жок болуп калса жашоо оной болмок балким. Бул кайтар дуйно ар кимдин башына келиши мумкун ошондуктар ар кадамды ойлоп басалы. Бей куноо бир жаш жигиттин омурун кыйган туура эмес.
  • Ноорузбек 4 года назад
    Азимов Даниелге боштондук! Сот ишти кылдаттык менен карап,адилеттуу чечим чыгаруусун талап кылабыз!
  • Адилеттүүлүк бизде жокко эсе болуп калды окшойт. Убал-сооптон коркпогондор канча бейкүнөө жарандардын тагдырына балта чаап жатышат акмактар.
  • Уят эле кыргыздарга соттордун ишине налат
  • Бироонун алпештеп баккан баласы,жалаа жабаардан мурун озунордун балдарынарды, инилеринерди ойлосонор болмок,ал бала учун энесинин токкон коз жашы ,убалы уктатпаса керек.
  • Омурбекова 4 года назад
    Ушул кылган кылыктары туурабы жапжаш баланын тагдырына балта чаап, келечегибизге ушундай коз караш менен кете берсек эмне болобуз БАЛАГА БОШТОНДУК БЕРИЛСИН!
  • Абакиров 4 года назад
    Урматту кыргыз элим биз кайда баратабыз? Кимге ишенебиз, келечекке болгон кадамыбыз будомук. Мындай иш ар бирибиздин башыбызга келип калуусу мумукун экендигин тушундум. Ак жеринен чон кылмышкер кылып, коенду карышкыр корсотуп, бир короо койду бирин да калтырбай жэп салыптыр дегендей эле корунуш. Кудай баарын карап турат. Ак ийилет бирок сынбайт. БАЛАГА БОШТОНДУК!
  • Баламды чыгаргыла 😢😢😢акыйкат бар деп ишенем кимге барышты кимден жардам сурашты билбей калдык 1жыл болгону калды балам жаш эч нерсени коро элек балам ак куноосу жок 😢😢🙏🙏 ким угат эненин атанын унун
  • Жаш баланын бактысына балта чаап жатышат энесин төккөн көз жашынан коркула бошоткула убалга калбай😠😠😠
  • Биздин урматтуу президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков сот ишин өз көзөмөлүңүзгө алыңуузду суранабыз. Азимов Даниэлге боштондук!
  • Азыркы соттор Аман эле болсун атайын подстава кылышты.Ошол кезде иш корсоткуло деп УКМга эч нерсе кылбайсынар десе ушул жаш баланы мишень кылышкан экен да ай кыямат куну сурак тан корксонор.
  • Тергоочулор оздору,прокурор,судья баары кунолуу алардын барын соттош керек
  • Жаш баланын келечегине балта чаап акмактар Ушуну жасагандардын тукуму курут болсун Соттор кашайып калганбы Кантип дити барды жаш балага чонтогуно банги затты ур токмокко алып салып койгонго ошону жасаган менттердин бети барбы Оз баштарындагыны оодара салышып
  • Эртен сотту баламдын кудайым колдой кор баламды чыгара кор🙏🙏🙏сабыр куч бере кор бизге балама аллах талам колдосун😢🙏🙏
  • Азимов Даниелге боштондук
  • Азимов Даниелге боштондук убалы уктатпайт соттор кудай болуп алыштыбы карапайым элдин уну эч кимге жетпейт экен го Элдер шайлоодо эле курал болот тура ишенбесенер барып корсонор кабыл алаар бекен АК жеринен коптор соттолуп кетип жатышат Данэлге боштондук
  • Булар качанкыга чейин эч нерсе укпай журо беришет кайдыгер карабагыла баарыбыздын балдарыбызды ушундай ишке АК жеринен алып барбайт деп эч Ким кепилдик Боло албайт ишенбесенер сотко барып катышып корсонор акмактардын чыныгы жузун коросунор
  • Сотторго адамдын тагдыры оюнчук экен буларды кулакка тартса дагы аздык кылат Элдер чогулуп мындай ишке кайдыгер карабайлы Кыргызды кыргыз кордобойлу
  • Бектурган 4 года назад
    Ак ийилет бирок сынбайт бул ментер да оз жазасын алат эртенки сотко аллахым журогуно ыйман берип адилеттуу чечсин деп дуа кылалы туугандар
  • Даниел андайга барбайт болчу бул точно подстава кудайдан коркушпайбы ,Даниелге Аллах жардамчы болуп эртерээк чыксын ,ата-энесине кудайым сабыр берсин
  • ОО кудайым сотторго ыйман бере кор.
  • Даниел эркиндикке чыгарылсын!!!
  • Даниел эркиндикке чыгарылсын!!!
  • Даниел эркиндикке чыгарылсын!!!
  • Баланын эч куноосу жок,кудайым сотторго ыйман берсин.
  • Жаш баланын тагдырына балта чапкандан кантип коркпойсунар? Силерде деле бала болсо керек? Кудайдан коркпогон иш жазапжатасынар! Эртедир кечтир бул ишке озунор да жооп бересинер Ошону ойлонгула
  • Ээ кудайымдын көзү түз болсо экен!
  • Аллахым ушул балага жардам бере кор,сотторго ыйман бере кор, Ата- энесине сабыр.
  • Даниелге боштондук!!!кудайым озу жардам бере кор
  • Студенту свобода!!!
  • Студенту свобода!!!
  • Студенту свобода!!!
  • Урматтуу сот адилеттуу болунуз, баланын убалынан коркунуз,ата-энесинин коз жашынан коркунуз!
  • Даниелге куноо жок бошотулсун!!!
  • Насипбек 4 года назад
    Студенту свобода!!!
  • Студент бошотулсун!!! Урматтуу сот адилеттуу болунуз.
  • Урматтуу сот адилеттуу болунуз куноосу жок баланы кармабаныз
  • Студент бошотулсун.
  • Таалайкул 4 года назад
    Сот адилеттуу болунуз баланын убалынан,ата-энесинин коз жашынан коркунуз!!! Адилеттуу чечим чыгарыныз
  • Студенту свобода!!!
  • Даниел мындай ишке бармак эмес бул подстава
  • Даниелге эркиндик!!!
  • Даниелге эркиндик!!!
  • Даниелге эркиндик!!!
  • Жакыпбек 4 года назад
    Бул подстава Даниел эркиндикке чыксын
  • Бул подстава точно Даниел мындай ишке бармак эмес.
  • Студенту свобода!!!
  • Даниел куноолу эмес тезинен бошотулсун!!!
  • Даниел куноолу эмес!!!
  • Даниелге боштондук!!!
  • Бактыгул 4 года назад
    Куноосу жок жаш балага алынар жеттиби,кыйын болсонор,чоон наркобизнес саткандарды кармабайсынарбы.
  • Бироого кор казсан озун тушосун деген кыргыздын учкул созу бар, келечекте осуп келип аткан баланын психикасын бузуп, кыргыздар ошон учун оспойбуз да, бошоткула!
  • Жаш баланын тагдырына балта чаппаныздар,балага боштондук
  • Бугунку сот отуруму эмне болдукен
  • Эми прокурор сатылып кеткенби каралоонун устундо эч куноосун далилдей албаса да куноо издеп жатыптыр видиосун коргондо кочодо кетип баратса эле кармаптыр ошону коргон сот эмне учун актабай жатат кудайдан коркула эртен силердин балдарынар дагы ушунтип сыздап калат же силерге акча болсо эле болдубу
  • Бугун 21февральда саат 14:30да соту болду . Мен угуучу болуп кирип кордум. Ал жакта эчкандай далил жок экен. Видеокамераны сотко корсотушту керек болсо. Баары корунуп турат баланын эчнерсе алып албаганы. Керек болсо СМИ келди баарын корду. Баланы чыгаргыла. Корунуп турат подстава болгону! Боштондук студентке!!!!!!!!!!!
  • Баламдын куноосу жок бугунда видиодо эч нерсе жок болсо да чыгарган жок 😢
  • Сотторго жаратканым ыйман бере кор. Жаш баланын тагдырына балта чаап, убалына калбагыла.
  • Осчу балдардын жолун тосуп ушундай иштерди жазап жатса кыргыз эли кантип онолсун , эптеп эле акча ондуруунун жолун издеп калышты ата энесинин бир туугандарынын тилектерин кудайым озу кабыл кылып эртерээк кутулаарына ишенебиз.Ак жеринен куйгузгондордун ушундай иш оз балдарынын башына кесин
  • Жаш бала го. Ырайым кылсанар боло.
  • эркиндик Даниелге.
  • Нурсултан 4 года назад
    Биздин чондор карапайым калкты еле кыйнаганды билишет,
  • Нурсултан 4 года назад
    Качан биздин соттор таза иштейт,ушундай биздин чыгаан жигитерибизге арканжай жалаа жап еле турат
  • Бары билинет баланы актагыла
  • Баланын убалынан корксонор. Ар биринерде бала бар ошошол судя нын да балансы бар. Жизнь как бумеранг.
  • Аллахтан корку деген болбой калды . Адам карышкырдан жаман болдук го. Адам карышкыры эн жаман .😢😥😓 Акйыкаттык керек. Эч бир кунносу жок жаштарга ушундай тарбия беребизби , ал эми адам дегенге ишенбей калат .😥😢 Эне канча коз жашы тогулуп жатат. Мен бир гана Аллахтан суранам жолун ачык кылып , ак жол беришин. Ак ийилет бирок сынбайт . Даниел кучтуу бол , адам карышкырларына туруштук бер . Аллах бар, баары жакшы болот. Соттордун журогунорго ыйман берсин Аллахым .
  • Бошоткула акмактар
  • Даниел эн алдынкы студент болчу жалан 5ке окуучу активист патриот эч кимден жардамын аябаган ак конул жакшы адам Ага жалган жалаа жаап атышат ал андай иш кылбайт!!! Даниелге куч бере кор аллах жардам берсин Оомин Эртереек чыксын ата энесине сабыр бере кор
  • Даниелди бошоткула куноосу жок😠😠
  • Жаш баланын тагдырын ойлогула. Ар бирибизде бала бар.Баарын акыйкатуу каралып туура чечим чыгат деген чон умутобуз.Даниель тарбиялуу,жакшы окуган студент, аракетчил бала катары билем Жаны осуп келе аткан муундарыбызга туура багыт берип боштондука чыгуусу зарыл. Ата -энеси не ар бир минутасы кылымга тете болуп чыгышын кутудо.Ошондуктан чечим чыгарып алында озунуздорун балдарынарды, ата-эненерди ойлоп туура чечим кабыл алышыныздарды отунобуз
  • Бектемир 4 года назад
    Даниэльге боштондук, кудайдан корккула уулу урматуу соттор!!!
  • Абакиров 4 года назад
    Даниельге БОШТОНДУК. Сот баардык ишти коруп, билим туруп соттосо Кудай озу жазасын берет. Урматту сот сага да ажал келеерин унутпа
  • Урматтуу сотор баланы бошоткула.Даниелдин убалына калбагыла.Кудай баарын кооруучу .Энесинин коз жашынан коркула🙏🙏
  • 6-марта сот акыйкаттуу, адилеттүү чечим чыгараарына ишенебиз! Даниелге боштондук!
  • Да поможет Аллах🙏🙏
  • 25деги сотто Даниель акталып чыгат деген умуттобуз,Сот туура чечим чыгарат деп ойлойм