Студенттер арасында болуп өткөн “Зомбулукту актаба” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Студенттер арасында болуп өткөн гендердик зомбулукка байланыштуу сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
10-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Юридикалык Клиникалардын Ассоциациясы менен биргеликте USAID-IDLO эл аралык уюмунун “Сотко ишеним” программасынын колдоосу менен жогорку окуу жайлардын студенттери тарабынан жүргүзүлгөн гендердик зомбулукка байланыштуу онлайн-масштабдуу изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышты.
Белгилей кетсек, акция 25-ноябрдан 10-декабрга чейин болуп, «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» глобалдык өнөктүгүнө карата уюштурулган. Жети студенттик топ 917 респондент менен маектешип, топтолгон маалыматтын негизинде социалдык роликтерди даярдашкан. 10-декабрда командалар калыстар тобуна өз эмгектерин тартуулашты.
Калыстар тобунун курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Нургуль Бакирова, Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмаз Карабеков жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова кирген.
Өз сөзүндө Нургуль Бакирова сынактын темасы Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө актуалдуу болгон көйгөйдү козгогонун белгиледи. «Гендердик зомбулук аялдар менен эркектерге таандык. Практика көрсөткөндөй, көбүнчө психикалык, сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен кыздар сотторго, укук коргоо органдарына жана кризистик борборлорго кайрылышат ”, — деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары.
Соттор тарабынан ушул категориядагы иштерди кароодо бир адамга карата зомбулук фактысына байланыштуу купуялуулук сакталып, айыпталуучу тарабынан, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана социалдык тармактардан коопсуздугун камсыз кылуу менен түшүндүрүлөт. Эгерде жабырлануучулар жашы жете элек болсо, анда учурдагы психологиялык, психофизикалык абалды жана терс эмоционалдык окуяларды жөнгө салуу үчүн камкордукка алуу органын жана квалификациялуу психологдорду тартуу зарыл.
Мыкты командалар:
биринчи орун — Борбордук Азия Эл аралык Университетинин алдындагы Гуманитардык Колледжинин «Non Stop» командасы Алтынбек Бекташов, Азиз Шимаров, Умида Казиходжаева;
экинчи орун — Борбордук Азия Эл аралык университетинин алдындагы Гуманитардык колледжинин «Сен Жалгыз эмессиң» командасы Харун Суахунов, Назми Асанкожоева жана Карлыгач Бейманжанова;
үчүнчү орун — Бишкек гуманитардык университетинин «WSW» командасы К.Карасаева, Кыргызстан Эл аралык Университети Эркин Орозов, Бегимай Имарова жана Эминова Сайора.
Ссылка: https://barometr.kg/studentter-arasynda-bolup-tkn-zombuluktu-aktaba-synagynyn-zhechlr-anyktaldy
Добавить комментарий ×