Стамбулдан келгенде дене табы көтөрүлгөн жарандын абалы туруктуу
Бүгүн, 9-мартта, Стамбулдан Бишкекке учуп келген жарандын дене табы көтөрүлгөнү тепловизордон байкалып, ал дароо жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына алып келинген. Учурда анын дене табы турукташып, температурасы түштү. Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Гүлжигит Аалаев “Барометр” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, бейтап Түркиянын Стамбул шаарынан эч жакка чыкпаганын айткан.
“Ал дарыгерлерге Стамбул шаарынан башка жакка чыкпаганын айтыптыр. Азыр дене табы турукташып, температурасы түштү. Андан тийиштүү анализдерди алдык”, — деди ал.
Аалаев ооруканада бардык шарттар каралганын айтып, бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө болоруна токтолду.
Андан сырткары ооруканага ОРВИ жана сасык тумоодон дарыланган 100дөй бейтап бар экенин айтты.
Эске салсак, бир катар ЖМКлар Стамбулдан кайтан кыргызстандык дене табы көтөрүлгөнү үчүн жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилгенин жазышкан.
Белгилей кетсек, коронавирустун белгилеринин бири - адамдын дене табы көтөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/stambuldan-kelgende-dene-taby-ktrlgn-zharandyn-abaly-turuktuu
Добавить комментарий ×