Өспүрүмдөр, сууга түшкөндө абайлагыла! Дагы эки жаш бала чөгүп кетти

11 августа 2020 10:22 875 Barometr
Поделиться в:
ok

Өспүрүмдөр сууга түшкөндө абайлагыла! Дагы эки жаш бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаары Биринчи Май району. Патрис Лумумба көчөсүндө ЧЧК (БЧК) кичине бала (2015-ж.т.) чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон жок. 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштери уланууда.

Нарын облусу Кочкор району. 7-августта Теңдик айылында Чу дарыясына 2013-ж.т. бала чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштерин улантуу максатында Кочкор райондук №42 ӨКБдан 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да издөө иштери убактылуу токтотулду. Издөө иштери уланууда.

Ош облусу Кара-Суу району. 9-августта Мады а/а, Ачы айылындагы каналга 2013-ж.т. жаш бала чөгүп кеткен. 10- август күнү издөө иштерин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Издөө иштерине 11 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган.

Ош шаары Озгур айылы. 3-августта Южный каналына 1994-ж.т. эркек киши чөгүп кеткен. 10-август күнү издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар тарабынан маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 12 куткаруучу тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sprmdr-suuga-tshknd-abajlagyla-dagy-eki-zhash-bala-chgup-ketti



Добавить комментарий