Спорттук күрөш. Мээрим Жуманазарова Жаштар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова жаштар арасында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Таллинде (Эстония) өтүп жатат.
68 кило салмакта күрөшкөн Мээрим жарым финалда Америкалык Жейден Лэйт Лаурент’ти 11:1 эсебинде утуп, финалга чыкты. 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатынын алтын медалы үчүн Мээрим япониялык Наруха Мацуюки менен таймашат.
Мээрим Жуманазарова бул мелдештин квалификациялык этабында украиналык Кристина Малявканы 11:0 эсебинде утту. 1/8 финалда орусиялык Ханум Валиева менен беттешип, 1:1 тең чыгып, акыркы аракетти жасаганы менен жеңүүчү болду. Ал эми чейрек финалда канадалык Берит Джонсон’го бир да мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде утту.
Эми финалдык беттеште япон кызы Наруха Мацуюки менен алтын байге үчүн кармашат. Финалдык беттештер 15-августта өтөт.
Эске сала кетсек, Мээрим Жуманазаров жакында эле Таиланддын Чонбури шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болгон.
Добавить комментарий ×