100 жаштагы Кытай тургуну узак жашоонун күтүлбөгөн сырын ачып берди

30 ноября 2020 14:57 4278 Barometr
Поделиться в:
ok

Июнь айында жүз жылдык мааракесин белгилеген Кытайдын тургуну Чжан Кэминь узак жашоосун алкоголь, фаст-фуд жана тамеки менен байланыштырды. Бул тууралуу India.com сайтына жазылган маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

Кэминдин айтымында, ал тамеки чегет, алкоголдук ичимдиктерди ичет жана каалаганын жейт. Ал эч качан тамак-аш тандап жебейт жана ал тууралуу тынчсызданбайт.

Спирт ичимдиктери жана тамеки Кэминдин жашоосундагы "эң чоң кумар" деп атаган. Бирок, кытайлык 90 жылдык мааракесинен кийин кырсыкка учурабаш үчүн алкоголдук ичимдиктерди азыраак колдоно баштаганын айтты.

Ал эми, тамекиге болгон көзкарандылык жөнүндө айтсак, Кытайдын тургуну 20 жашында тамеки чегип баштаган. Ушул кезге чейин Кэминдин ден-соолугунда олуттуу көйгөйлөр болгон эмес, ал күнүнө бир куту тамеки чегет.

"Мен тамеки чегүү, ичимдик ичүү жакшы же жаман деп так айта албайм. Ар ким өз каалосундай, бир келген өмүрдү өзү билгендей жашап өтүшү керек", - деди ал.

Учурда, Кэмин үй-бүлөсүнүн беш муунунун өкүлдөрү менен бир үйдө жашайт. Убактысын тамеки тартуу жана телевизор көрүү менен өткөрөт.

Ссылка: https://barometr.kg/spirt-ichimdigin-zhana-tamekini-uzak-zhyldar-boyu-koldongon-100-zhashtagy-kytajlyk-adam-uzak-zhashoonun-syryn-achty



Добавить комментарий