Сот “Кабарлар” сайтынын жетекчиси Үмүт Мукамбетованы актады

1 июля 2021 14:54 597 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кабарлар” сайтынын жетекчиси Үмүт Мукамбетова кылмыш курамына тиешеси болбогондуктан акталды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн, 1-июлда кабыл алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-февралда аны видео материалды алып салыш үчүн 84 миң сом талап кылган деп кармаган.

Аталган видеодо милиция кызматкерлери унааны ичимдик ичип алып башкарып бара жаткан айдоочуну кармаганы жана ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен урушуп чатак салганы тууралуу көрсөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/sot-kabarlar-sajtynyn-zhetekchisi-mt-mukambetovany-aktady



Добавить комментарий