Сооронбай Жээнбеков: «Жакынкы 5 жылда Кыргызстандагы 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот»

21 февраля 2019 13:01 1277 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекет калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыздайт. Мындай билдирүүнү Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Өлкө башчысы 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген өзүнүн убадасын эске салды.

“Азыр ушунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул долбоорлор боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштешип жатабыз. Мен таза суу проблемасын Сузак жергесинде да бар экенин билем. Район боюнча жалпысынан 30 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-zhakynky-5-zhylda-kyrgyzstandagy-653-kalktuu-konush-taza-suu-menen-kamsyz-bolot



Добавить комментарий