Сооронбай Жээнбеков “Турдакун Усубалиев” медалы менен сыйланат

11 ноября 2019 19:28 2312 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгынын урматына коомдук сыйлык – Турдакун Усубалиев атындагы диплом жана медаль уюшулду. Биринчи медаль жана диплом менен президент Сооронбай Жээнбеков сыйланат. Бул тууралуу Усубалиевдин 100 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча коомдук комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков бүгүн билдирди.

Анын айтымында, Усубалиевдин атындагы сыйлык мамлекеттик ишмер өзү иштеген кесиптер боюнча түзүлөт.

"Медаль Орусияда даярдалат. Усубалиевдин атындагы сыйлык мамлекеттик ишмер өзү иштеген кесиптер боюнча түзүлөт. Ал  жылына бир ирет Усубалиевдин туулган күнүндө – 6-ноябрда ыйгарылып турат. Биринчи медаль жана диплом менен президент Сооронбай Жээнбеков сыйланат", - дейт ал. Медаль сапаттуу материалдан жасалып, ал алтынга буулатылган.

Комитеттин чечими менен сыйлык Усубалиев эмгектенген үч кесип боюнча үч наам боюнча ыйгарылат. Биринчиси мугалимдерге, экинчиси массалык маалымат каражат өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик ишмерлерге кийинки жылдан тарта бериле баштайт. Бул жылы медалды 9 киши алат.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-turdakun-usubaliev-medaly-menen-syjlanat



Добавить комментарий