Сооронбай Жээнбеков: Республикалык көчмөндөр оюндары жыл сайын облустардын биринде өткөрүлүп турат

20 февраля 2019 13:08 1169 Barometr
Поделиться в:
ok

Республикалык көчмөндөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта жыл сайын бир облуста Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бийик деӊгээлде өтүп, ага жер шарынын 60ка жакын өлкөсүнөн келген өкүлдөр катышканын жана көчмөндөр оюнун өткөрүү кезеги Түркияга берилгенин эске салды.

“Бул оюндардын маанилүүлүгүн эске алып, өзүбүз дагы Кыргызстанда жыл сайын республикалык деңгээлде Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик. Быйылкы оюндарды Манас атабыздын ыйык Ордосу болгон Манас Ордодо – Талас облусунан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, эстафетаны башка областтар алып, өткөрө баштайт”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-respublikalyk-kchmndr-oyundary-zhyl-sajyn-oblustardyn-birinde-tkrlp-turat



Добавить комментарий