Жээнбеков Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу болууга чакырды

21 сентября 2019 22:36 1129 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өз сөзүндө өлкө башчысы «Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи.

Көптөгөн мекендештерибиз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дайыма Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө ойлорун билдиришкен. Бул жагдай эске алынып, мындан ары республикалык көчмөндөр оюндарын өлкөбүздүн ар кайсы дубандарында өткөрүп турууну чечими кабыл алынганын президент сөзүндө айтып кетти.

Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталган. Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртылып, улантылып жатканын белгиледи.

Көчмөн оюндары — бүгүн дүйнөлүк руханий энчиге айланып олтурганы бизди кубандырат. Кыргыз жергесинен башталган көчмөн духу дүйнөлүк сапарын улантат. Биз муну менен сыймыктанабыз”, - деди өлкө башчысы.

Биринчи республикалык көчмөндөр оюндары Айкөл Манас атабыздын ордосунда, элдин биримдигинин, мамлекетттүүлүктүн башаты болгон так ушул касиеттүү Талас жергесинде башталды. Мындан ары эстафета башка областтарга берилип, бардык дубандарда кезек кезеги менен республикалык оюндар өтөт. Бул оюндардын түпкү максаты — байыркы элибиздин тарыхына, маданиятына, салт санаасына урмат көрсөтүү. Ата-бабалардын жолун улап, алардын элесине таазим этүү”, - дейт мамлекет башчысы.

Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!

1995-жылы Таласта „Манас“ эпосунун 1000 жылдыгы болгон.

Талас жергесинде бүгүн да „Манас“ деп ураан чакырып, 7 дубан чогулуп, бир туунун алдында эл бириккенин, Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу”, - деп президент Сооронбай Жээнбеков баса белгиледи.

Манас атабыз жердеген кең Таласта кадырман журтумдун алдына чыгып, Манас оюндарын даңазалап, бир билек болуп түрүлүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам”, - деген өлкө башчысы Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу болууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-manas-atabyzdyn-urpaktary-degen-naamga-tatyktuu-boluuga-chakyrdy



Добавить комментарий