Сооронбай Жээнбеков 1-Май-Эмгек майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады

1 мая 2019 11:03 1482 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-Май-Эмгек майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады.

1-Май майрамы - эмгекчилердин укуктарын коргоо менен бирге элибиздин ынтымагын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет. Эмгек ар кыл жаштагы жана көз караштагы адамдарды баш коштурат. Биз өмүрүнүн күлгүн курагын бакубат өлкөнү курууга жумшаган улуу муундагы ардагерлерибиздин өрнөгүнө таазим кылабыз. Кийинки муундарыбыздын, өлкөбүздүн жаркыраган келечеги үчүн жаратмандык менен чогуу эмгектенебиз.

Бүгүнкү эмгек майрамы ар бирибизге кубаныч тартуулап, күч-кубат берсин. Баарыңыздарга жадыраган майрамдык маанай, тынчтык жана эмгегиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан өзү колдосун!» – деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

1-Май – эмгек күнү демонстрацияга чыккан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн жумушчуларынын урматына белгилене баштаган.

Эмгекчилердин негизги талаптары – эмгек шарттарын жакшыртуу жана 15 сааттык жумуш күнүн 8 саатка чейин кыскартуу болгон. Тилекке каршы, демонстрация кууп-таркатылып, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар түрмөгө отургузулган, ондогон адамдар өлтүрүлгөн, ал эми демонстрациянын уюштуруучулары жазага тартылган.

Ссылка: https://barometr.kg/sooronbaj-zheenbekov-1-maj-emgek-majramy-menen-zhalpy-kyrgyzstandyktardy-kuttuktady



Добавить комментарий