Соль Илецктен жалпы 3 415 жаран мекенге кайтып келди (Сүрөт)
Соль Илецк шаарынан келген жарандар үйлөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
26-27-сентябрь күндөрү Соль Илецк шаарынан кыргызстандык жарандар мекенине кайтып келишти. 26-сентябрь күнү 1840, 27-сентябрь күнү 1575 чет өлкөлүк мекендештер келишти. Жеринде ишти уюштурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тартылган. Келген жарандардын саламаттыгы текшерилип, үйлөрүнө кетүүгө уруксаат берилген.
26-сентябрь күнү 1 840 жаран келип, өз аймактарга жөнөтүлгөн:
Ош шаарына 124
Ош облусуна 423
Бишкек шаарына 176
Чүй облусуна 203
Нарын облусуна 47
Ысык-Көл облусуна 115
Талас облусуна 73
Жалал-Абад облусуна 472
Баткен облусуна 207
27-сентябрь күнү келген 1 575 жаран аталган аймактарга жөнөтүлгөн :
Ош шаарына 55 жаран
Бишкек шаарына 106
Ош облусуна 343
Жалал-Абад облусуна 487
Нарын облусуна 41
Баткен облусуна 163
Ысык-Кол облусуна 140
Чүй облусуна 162
Талас облусуна 78
Келген мекендештер Бишкек шаардык мэриясы тарабынан бөлүнгөн автобустар менен өлкөнүн аймактарына жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/sol-ileckten-zhalpy-3-415-zharan-mekenge-kajtyp-keldi-srt
Добавить комментарий ×