Сокулукта 33 жаштагы эркек кайын энесин эч себепсиз эле бычактап салды
Сокулук районунда кайын энесин бычактаган эркек кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
22-апрелде болжол менен саат 10:00дө Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкектеги ооруканалардын биринин реанимация бөлүмүнө бычактан жаракат алган аял жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Ал жерге барган ыкчам иликтөө тобу бычакталган аял Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айылынын тургуну 54 жаштагы Р. Б. экенин аныктаган.
Жабырлануучу өзүнө келгенден кийин аны 22-апрелде күйөө баласы эч себепсиз эле бычактап салганын айткан.
Ушул эле күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 33 жаштагы К. У. кармалды. Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/sokulukta-33-zhashtagy-erkek-kajyn-enesin-ech-sebepsiz-ele-bychaktap-saldy
Добавить комментарий ×