Сокулук районунда чет өлкөлүк 4 жаран жоголду

28 июля 2021 15:06 639 Barometr
Поделиться в:
ok

Дайынсыз жоголгон 4 чет өлкөлүк жарандар изделип жатат. Бул тууралуу Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын  басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

27-июлда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жеке менчик уюмдун өкүлү кайрылып, өзүнүн компаниясынан жумушчулар жоголгонун айткан. Алар Пакистандын жарандары: Жамил Мухаммад, Лиакат Мухаммад, Ифтикар Муххамад жана Али Карамат. Арыз берүүчүнүн айтымында алар 26-июлда жумуштан чыгышып ошол боюнча жоголуп кетишкен.

Учурда издөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/sokuluk-rajonunda-chet-lklk-4-zharan-zhogoldu



Добавить комментарий