Соцтармакта тренер окуучуну бетке тепкен видео талкууга алынды

28 ноября 2018 19:16 1205 Улукман Бейшеналиев
Поделиться в:
ok


Орусиянын Наро-Фоминск шаарында  "кудо" боюнча башкы машыктыруучу Иван Киринко кармалды. Бул тууралуу мамлекеттин тергөө комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, тренерди социалдык тармакта тараган видеонун негизинде кармашкан.

Видеодо күрөш бүткөн соң бала туура эмес бурчка турганы үчүн тренер бетке тепкенин көрүүгө болот.

Бул окуя ушул жылдын март айында болгон, коомчулукка тартылган видео жакынкы аралыкта гана жарыяланган.  

Баланын апасы Елена, бул окуяны телефонго тартып алган жана толугу менен окуяны айтып берген.

"Мен түшүнбөй калдым. Мен үчүн бул сокку болду, мен түшүнгөн жокмун, мындай нерселерге кандай караш керек экенибизди. Машыгуудан кийин балам ыйлаган жок, суроо берген жок, бирок бир нерсе болгонун түшүнүп турду. Бизге кылмыш ишин козгоого сунуш кылышты, бирок биз баш тарттык. Жөн гана машыктыруучу эч жерде машыктырып иштебешин талап кылдык", - деп айтылат орусиялык басылмаларда.

Ссылка: https://barometr.kg/soctarmakta-trener-okuuchunu-betke-tepken-video-talkuuga-alyndy



Добавить комментарий