Бишкек комендатурасы адамды тепти деген милиционер тууралуу пикирин билдирди

2 апреля 2020 15:50 1422 Barometr
Поделиться в:
ok

Айрым маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда «Милиция кызматкери адамды тепти» аталышындагы видео тараган.

"Аталган маалыматты төгүндөө жана толуктоолорду киргизүү максатында билдиребиз, жогорудагы видеодо адамды тепкен жаран милиция кызматкери эмес. Текшерүү көрсөткөндөй, адамды тепкен жаран «Кудайберген» базарынын күзөт кызматынын кызматкери болгон", - деп Бишкек шаарынын комендатурасынын Басма сөз борбору билдирди. 

Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалыматты тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт.

Эскертебиз, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. 

Ошондой эле, журналисттер дагы расмий жана текшерилген маалыматтарды чагылдырууну суранабыз.

Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-tarmaktarda-tarap-zhatkan-video-boyuncha-tgnd



Добавить комментарий