Видео. Бишкекте “Skoda” менен автобус кагылышкан кырсыктан 4 адам мерт кетти. Дагы жетөө жаракат алды

9 сентября 2019 18:45 1585 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Чыңгыза Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен өйдөрөөк жерде жүргүнчү ташуучу авитобус менен “Skoda Octavia” унаасы кагылышып, 4 адам метр кетти. Милиция алардын өздүгүн аныктап жатат.

Бул тууралуу Бишкек милициясынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов “Barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында, кырсык түшкү саат 14 чамасында катталган. Жеңил унаада төрт бала жана бир кыз болгон. Төрт бала окуя болгон жерде жан берген. Ал эми бир кыз оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кагылышта автобус жол четиндеги даракка кадалып, айдоочу жана ичиндеги бир канча жүргүнчүсү ар кандай деңгээлеги жаракаттарды алышкан. Чогултулган материалдар бишкек шаардык жол кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилет”, - деди Тилек Оторов.

Ссылка: https://barometr.kg/skoda-menen-avtobus-kagylyshkan-kyrsyktan-4-adam-mert-ketti-dagy-zhet-zharakat-aldy



Добавить комментарий