Сүйүнчү! Ырчы Кайрат Примбердиев үчүнчү ирет ата болду
Поделиться в:
Кыргыз эстрадасында салмактуу орунду ээлеп турган ырчылардын бири Кайрат Примбердиев уулдуу болду. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына ырчынын жакындары кабарлашты.
Ырчы өзү да жеке баракчасынан:
“Аллахыма миң мертебе шүгүр! Эркек балалуу болдум!”, -деп сүйүнчүлөдү.
Маалыматка ылайык, Примбердиевдин баласынын да жубайынын да абалы жакшы. Ырчынын 3-наристеси бүгүн, 1-май күнү эртең мененки саат 07:27де төрөлдү.
Кайрат Примбердиев менен жубайы Эля Бегалиева учурда Амир жана Ариет аттуу 2 уулду тарбиялашууда.
Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-yrchy-kajrat-primberdiev-chnch-iret-ata-boldu
Добавить комментарий ×