Айбек Карымов: Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев укуктук талаада жоопко тартылышы керек

10 января 2021 14:36 4038 Barometr
Поделиться в:
ok

Ырчы, обончу Айбек Карымов Курал Чокоевдин жосунсуз берүүсүнө карата сын-пикирин айтып, элден кечирим суроосун талап кылды. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына калтырган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Курал бул кылганын туура эмес нерсе. Мен сенден мындайды күткөн эмесмин. Курал иним уялбай туруп, каалабасаңар көрбөй эле койгула дептирсиң. Анда сен көрсөтүүңдү көтөрүп алып жөөттөрдүн өлкөсүнө көчүп кет.

Ал эми, буга Кайрат Примбердиев болушуп жатасың. Болушпа иним. Сенин кадыр-баркың калың элдин арасында кадырлуу. Сени Кыргызстандын желегин чет өлкөдө желбиреткен, таланттуу өнөр адамы катары билебиз. Өзүң билесиң мен сенин чыгармачылыгыңды кандай колдоорумду. Эгерде мындан ары да болуша турган болсоң анда, Курал экөөң көрсөтүүңөр менен бирге өлкөдөн көчүп кеткиле.

Кыргыз маданиятынын жүзүн көрсөткөн эр азаттар силерсиңер. Эсиңер барда этегиңерди жаап, элден кечирим сурагыла.

Мен жаш-карынын баарын бириктирип, Курал баштаган, ошол берүүгө катышкан маданият өкүлдөрүнө укуктук талаада чара көрүүгө аракет кылам”, - деди Карымов.

Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев  YouTube каналынан берүү ачып,  ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан.


Ссылка: https://barometr.kg/ajbek-karymov-kural-chokoev-menen-kajrat-primberdiev-ukuktuk-talaada-zhoopko-tartylyshy-kerek



Добавить комментарий