Сүйүнчү президент чай сунган ырчы Айпери Кубик кызы уул төрөдү

16 марта 2019 09:49 4988 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Айпери Кубик кызы көз жарып уул төрөдү. Бул тууралууу ырчы өзунүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Айпери баракчасына күйөөсүнүн, өзүнүн, улуу баласы Даяндын жана жаңы төрөлгөн наристесинин колун сүрөткө тартып жүктөп, баяндамасына:

"Атасы, апасы, Даян, Райан. 13-март күнү Аллахым буйруп, уулдуу болдук! Чексиз шүгүрлөр болсун. Наристебиздин атын ажы атам (кайнатам) Даян экөө бири-бирине күйүмдүү бир туугандардан болсун деп, уйкаштырып Райан деп ысым ыйгарды. Ыймандуу, акыл эстүү, келечеги кең, Аллахым сүйгөн пенделердин бири болсун.", -деп сүйүнчү постун жазып чыкты.

Көпчүлүк ырчынын үй-бүлөсүнүн кубанычын тең бөлүшүп, куттуктоолорун жаадырышууда.

Ырчы 13-мартта көз жарса да официалдуу түрдө инстаграмдан ушул учурда сүйүнчүлөп чыкты.

Эске салсак, Айпери Кубик кызы кош бойлуу учурунда бийлеп дайыма көтөрүңкү маанайда жүргөн эле, жадакалса ырчынын тушүнө президенти Сооронбай Жээнбеков кирип тамак берип, чай сунган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/sjnch-prezident-chaj-sungan-yrchy-ajperi-kubik-kyzy-uul-trd



Добавить комментарий