Дал келүүбү же кокустукпу? Ырчы Айпери Кубик кызына президент Сооронбай Жээнбеков өз колу менен чай куюп берип курсагын тойгузду
Ырчы Айпери Кубик кызынын түшүнө президент Сооронбай Жээнбеков кирди. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Таң калганын жашыра албаган Айпери:
"Достор, бүгүн башкача түш көрдүм. Түшүмө ажобуз Сооронбай Жээнбеков кириптир. Ал киши айтат: "Боюнда бар аялдын курсагын тойгузса чоң сооп болот! Ошого ал, ич"-деп мага тамак берип, өзү ысык чай куюп берип жатыптыр. Ушундай мартабалуу киши, намаз окуган инсан, ажобуз соопчулук үчүн менин (боюнда бар) курсагымды тойгузуп жатканы түшүмө киргени кызык болду. Эми бул түш да. Түш жооручулар барбы? Силер кандай дейсиңер?", -деп пост жазып окурмандарына суроо салды.
Анда көпчүлүк ырчынын түшүнө ажонун киргени жакшылыктан кабар берээрин айтышып, "балаң президент болотго", "президент төрөйсүзго" деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×