Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болду

12 октября 2021 12:46 3160 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн президенти кол койду.

 "Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касмамбетов президентинин администрациясынын жетекчиси кызматынан бошотулуп, мамлекеттик катчы болуп дайындалды", — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга чейин аталган кызматта иштеп келген Чолпонбек Абыкеев президенттин жарылыгы менен бошотулуп, өлкө башчысынын кеңешчиси болуп дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/sjnbek-kasmambetov-kyrgyzstandyn-mamlekettik-katchysy-boldu



Добавить комментарий