Мамлекеттик катчы: Жакында өлкөдө “айрым окуялар” болот

17 сентября 2021 17:03 1645 Barometr
Поделиться в:
ok

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев жакында өлкөдө “айрым окуялар” болот деген божомолун «Биринчи радионун» эфиринде билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Митингдер болот деген коңгуроо чалуулар келип жатат. Бул жарандарды укук коргоо органдары профилактика үчүн чакырып жатат. Саясатчылар дароо эле аларга кысым жасалып жатат деп кыйкырышууда.Мен ойлойм алар атайын эле кыйкырып жатышат. Аларга реклама керек.Эң эле арзан реклама бул аларды кармап жатышат, суракка чакырып жатышат, бийлик саясатчыларды кысымга алып жатат кыйкырып чыга калуу. Алар акысыз жарнама алып жана упай топтошууда”,-дейт мамлекеттик катчы.

Абыкеевдин айтымында, эл анархияга чукул.

“Эртең 100 миң адам топтоп жана бийликти алып коюшат деген-бул анархия. Алардын артында жүз миңдеген адамдар турат деп билдиришкени дагы-бул анархиялык аракеттер. Биз мындан демократияга өтүшүбүз керек. Мыйзамды сыйлоо зарыл”,-деп айтты мамлекеттик катчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-katchy-zhakynda-lkd-ajrym-okuyalar-bolot



Добавить комментарий