Сүйлөшкөн кызынын сүрөтүн интернетке жарыялап жиберген жигит 5 жылга соттолот

22 июля 2021 12:40 4067 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Талдыкорган шаарында мурдагы сүйлөшкөн кызынын жеке жана үй-бүлөлүк сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялап жиберген 34 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Polisia.kz булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган факты боюнча 19-июлда 23 жаштагы жабырлануучу полицияга кайрылган.  

"Кыз жигит менен бир аз сүйлөшүп, 2020-жылдын июль айында аны менен мамилени үзүүнү чечкен. Жигит анын артынан калбай бир жыл бою жүргөн. Акырында коркутуп анын интимдик маанидеги сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялап жиберген”, - деп айтты  Талдыкорган шаарынын полиция башкармалыгынын башчысы Аскар Нурсап. 

Жигит бир нече жолу кыздын аккаунтун талкалап кирип, үй-бүлөлүк сүрөттөрүн дагы социалдык тармактарга жайган.

Учурда  жигит адамдын жеке кол тийбестигин жана персоналдык маалыматтарын бузганы үчүн беш жылга чейин абакка кесилиши  күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/sjlshkn-kyzynyn-srtn-internetke-zharyyalap-zhibergen-zhigit-5-zhylga-sottolot



Добавить комментарий