Казакстанда кургакчылыктан улам мал өлүп жатат
“Казакстандын Жамбыл областында малды тоюттандырганга чөп жок. Кургакчылыктан улам мал массалык түрдө зыянга учуроодо. Жергиликтүү дыйкандар кургакчылыкты айтып даттанышууда. Жазында аймакка бир тамчы жаан жааган эмес”,-деп кабарлады "Алматы" телеканалы.
Жамбыл областына быйыл такыр жаан жаабагандыктан жайыттарга чөп чыкпай калган, малды тоюттандырууга эч нерсе жок. Малды жаюуга жер издеп жаткандардын бири Багдатбек Аскаров төмөнкүлөргө токтолду: “Быйыл жаан жааган жок.Шамалдуу. Жердин баары кургап кетти.Чөп жок.Дайыма чөптүү жерди издеп жатабыз”,-дейт ал.
Мойынкум районунда 24 000 гектар чөп чабуучу аянт болсо анын жарымы кургап калган. Аталган райондо 200 миң баштай мал бар, кышында аларга берүүгө 132 миң тонна чөп керек.
Буга чейин Мангистау областында төөлөргө берүүгө эч нерсе жок картон берип жатышканы тууралуу кабарланган. Ошондой эле жергиликтүү активисттер ачкачылыктан өлүп жаткан жылкылар тууралуу видеону көрсөткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kurgakchylyktan-ulam-mal-lp-zhatat
Добавить комментарий ×