Сүйүктүүңүз телефондон сүйлөшкөндө сизди алдап жатканын кантип билсеңиз болот?

9 октября 2021 11:41 4937 Barometr
Поделиться в:
ok

Жакын адамдарыңыз же сиз телефондон алгач сүйлөшүп бирок жүзүн көрө элек адамдар сизге калп айтып жатканын билүүгө болобу? Бул тууралуу психологдор жана атайын кызматтын адамдары бир нече ыкма бар экенин эскертишет. Бүгүн barometr.kg аларды сизге сунуштайт.

Албетте маектешти көз менен көрүп турбаган учурда адам сизге чын айтып жатабы, жалган айтып жатабы аныктоо өтө кыйын. Ошентсе дагы төмөнкү белгилерден улам адам жалган айтып жатканын билүүгө болот.

1.Суроо бергенден кийин маектеш бир саамга пауза алып калат

Телефон менен сүйлөшүп жаткан адамга суроо узатканда ал бир саамга тыным алып калат. Бул бир нече секундага жетпеген аралыкта анын мээси жалган айтсамбы же чын айтсамбы деп чечим кабыл алып жактандан улам келип чыгат. Албетте баардык тыным алууларды эле жалганга кошо бергенге болбойт. Ал үчүн сиздердин сүйлөшүү кандай контекстте жүрүп жатат ошону билишиңиз керек. Азыркы учурда маектеш сизге жалган сүйлөөгө себеби барбы же жокпу билүү кажет. Мисалы, жолдошуңуз жумуштан кеч калып жатса, кайда жүргөнүн жаап жашырып жаткандай туюлса жана ал телефонун көпкө чейин албай, алса да тыным алып анан сүйлөсө анда жалган сүйлөп жатышы мүмкүн.

2.Сөздүн ылдамдыгы өзгөрөт

Телефондон сүйлөшүп жатканда адам калп сүйлөгөнгө өтсө, буга чейин үн ыргагы кескин өзгөрүп бат-баттан сүйлөй баштайт.

3.Үндүн тембри жана добушу өзгөрөт  

Калп айта баштаган учурда адамда үндүн тембри жана добушу өзгөрөт.Катуу же тескерисинче акырын сүйлөп калат.

4.Жөтөлө баштайт

Калп эле жөтөлүмүш болгондо адам сиздин сурооңузга карата жалган сүйлөй баштаганынын белгиси.Албетте бул жерде дагы маектеш сасык тумоолоп жаңы эле айыкпаганын эске алыңыз.

Кыскасы жалган сүйлөгөн учурда адам баары бир кайсы бир деңгээлде билгизип коерун эске алыңыз, болгону ал үчүн сиз байкагыч жана кылдат маектеш болууга машыгууңуз керек. Ал белгилердин эң негизгилери жогоруда саналып өткөндөр.

Ссылка: https://barometr.kg/sjktz-telefondon-sjlshknd-sizdi-aldap-zhatkanyn-kantip-bilseiz-bolot



Добавить комментарий