40 жаштагы кризис деген эмне? Аны кантип өткөрүү керек?

9 октября 2021 11:05 3657 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдын жашоосунда кризистер ар кандай куракта келиши мүмкүн жана ага ар түрдүү факторлор себеп болот. Бирок психологдор басымдуу көпчүлүк адамдар 40 жаштын чегинде же болбосо 35+ же 40тан өткөндөн кийин жан дүйнөсүндө чоң бурулуштар болот деп эскертип келишет. Бул тууралуу Barometr.kg бүгүн сиздерге сунуштайт.

Кризис болгон кандай болот?

  • Адамдар бул учурларда өзүнүн азыркы абалына жана жыйынтыктарына көп нааразы болот.
  • Мурдагыдай жагымдуу, сулуу болбой баштадым, ден соолугум да начарлай баштады деп ойлойт.
  • Айлана чөйрөсүнө ачуусу келет, жакындары менен мамилеси начарлайт.
  • Жашоо өтүп бара жатат, эч нерсеге үлгүргөн жокмун деген ой пайда болот. 
  • Адамдын көбүрөөк тынчы кетет.
  • Жалпысынан кубаты, энергиясы төмөндөйт.Ишти мурдагыдай жасай албай калгандай сезилет.
  • Адам аны канчалык көп адам курчап турса дагы өзүн жалгыз сезет, ал тургай азыркы турган үй-бүлөсүнөн кеткиси келет.

Эгерде сиз ушул курактардын чегинде болсоңуз жана чындап эле кризиске кабылып жатсаңыз андан кантип өтүү керек? 

1. Бул чындап эле кризисби? Балким эс алуу керек болуп жүрбөсүн?   

Адегенде чындап эле эмне болуп жатканын билип алганыңыз жөн. Балким сиз көп иштеп чарчадыңыз, маселелер топтолуп кетти, бирок бул кризис эмес.

Кризис-бул мурдагы багыттар, приоритеттер актуалдуу болбой калганда, мурдагы система, жашоого карата көз караш толук өзгөргөн кезде пайда болот.

2. Азыркы абалыңызды кабыл алуу  

Бул куракты, жетишкендиктериңизди, фактыларды толук кабыл алуу керек. Ошондо жеңил болмокчу.

3. Баардыгын бузуп салууга болбойт   

Көп учурда кризис маалында адамдар мурдагы мамилелеринен, үй-бүлөсүнөн, айлана-чөйрөсүнөн, ишинен, долбоорлорунан, материалдык баалуулуктарынан кол үзгүлөрү келет. Антип шашканга болбойт.

4. Сиз ишенген адамдардан колдоо алыңыз!  

Сизге баалуу болгон, түшүнгөн адамдар менен көп сүйлөшүңүз. Психологго барсаңыз да болот.

5. Башкалар менен өзүңүздү салыштырбаңыз! 

Өзүңүздүн мындан аркы өнүгүү векторуңузду тандап алыңыз. Башкаларга карабаңыз,бирөө сизден артык, бирөөлөр сиз жетишкен нерсеге жетпей жашап жатат. Андан көрө сизге жашоодо эмне жагарын талдап ошол багытка кетиңиз.Сиздин жашоо бул сиздин гана уникалдуу тагдырыңыз. Башкалардын байлыгына, жетишкендиктерине эч карабаңыз.

6. Колуңузга барга шүгүр кылыңыз!

Тажрыйбаңызды жана күчтүү жактарыңызды баалаңыз.Күчтүү жактарыңызды, жөндөмүңүздү тизмелеп чыгыңыз. Бул сиздин ресурс жана капитал. Аларга сиз мындан ары таянып жана алардын сизге кереги толук тиет.Колуңузда турган нерселерди баалаңыз.

Кептин кыскасы кризис-бул кайгы жана бузулуу эмес. Кризис-азыркы жагдайды талдап чыгып, жаңы чечимдерди кабыл ала турган эң сонун учур.

Ссылка: https://barometr.kg/40-zhashtagy-krizis-degen-emne-andan-kantip-tkr-kerek



Добавить комментарий