Сизге бакыт алып келе турган аялдын белгилери кандай болот?

13 марта 2019 14:39 10926 Barometr
Поделиться в:
ok

“Аял жакшы эр жакшы, увазир жакшы хан жакшы” деп коюшкан  байыркы ата-бабалар. Бул сөздүн чындыгында терең мааниси бар экенин  бүгүнкү күндө психологдор, окумуштуулар изилдеп чыгышууда. Аял киши эркекти бийиктиктерге, ийгиликтерге жеткирген учурлар тарыхта өтө көп кездешет. 

Аялдын эркектерге карата таасири абдан эле зор. Анткени баардык эркектерди аялдар жарык дүйнөгө алып келген, аларды багып чоңойткон. “Бул дүйнөдө кандай эркек бактылуу?” деп көптү көргөн карыядан сурашканда “Кимге акылман аял туш болсо ошол бактылуу” деп жооп берген экен.

Сизди бактылуу кыла турган аялды кантип билсеңиз болот?  Төмөнкү белгилерди карап көрүүнү психологдор мырзаларга сунуштайт.

Биринчи белгиси-сизди бактылуу кыла турган кызды же аялды көргөндө ага бир нерсе бергиңиз, жакшылык жасагыңыз эле келип турат. Эч нерсе бергенге шартыңыз жок, чөнтөк жука болсо анда эмоциналдык жактан кубантууну каалайсыз.

Экинчи белгиси-бул кызды же аялды карап эле тургуңуз келе берет. Ашыкча деле эч нерсе жок бирок аны карап туруунун өзү бакыт болот.

Үчүнчү белгиси-бул айымга өзүңүздун жан дүйнөңүздү ачып айтып бергиңиз келет жана акыры аягына чейин андан эч нерсе жашыргыңыз келбейт.Бала чагыңызды, жигит кезиңизде болгон окуяларды айтор баарын, баарын айткыңыз келе берет.

Төртүнчү белги-мындай аялдан жылуулук жана мээрим чыгып тургансыйт. Муну сиз гана көрө аласыз.

 Бешинчи белги-ал сизди жарым сөздөн түшүнөт,  ар дайым жардам жана татыктуу кеңеш бере алат.

Эгерде ушундай айымга туш болсоңуз жалгыздыктан кутулуп анын колун суроого шашылыңыз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/sizge-bakyt-alyp-kele-turgan-ayaldyn-belgileri-kandaj-bolot



Добавить комментарий