Көп акча табууга тоскоол болгон 15 жагдай

27 августа 2021 18:09 2873 Barometr
Поделиться в:
ok

Акча жашообуздагы маанилүү ролдордун бирин аткарары баарыбызга маалым. Бирок эмне үчүн айрым адамдар көп акча иштеп тапса, айрымдары акчаны жакшы таба албайт. Бул тууралуу миңдеген китептер жазылса да акча иштеп табууга тоскоол болгон негизги жагдайларды бүгүн barometr.kg психологдун пикирине таянуу менен сизге сунуштайт.

1. Акча тууралуу туура эмес ойдун болушу. Мисалы, “акча колдун кири”, “бай бейишке төө ийненин кулагынан өткөндө гана кирет” деген сыяктуу пикирде болгон адам акчаны жакшы таба албайт.

 2. Өзүнүн баасын билбөө. Адам өзүнүн талантын, ресурстарын туура эмес баалап же төмөн баалайт. 

3. Өзүнө ишенбөөчүлүк сезими. Акчасы болсо дагы дайыма өзүн жарды сезе берген адамдар бар.   

4. Максаты жана кызыгуусу жок адам. Адам болочокту ойлобой эле энергиясын оңду-солду чача берет.    

5. Акчасы жок калуудан аябай коркуу. Акчасына жоготуп алуудан коркуп жаңы нерсе баштабоо.   

6. Жаңы нерсени үйрөнгөн качуу жана өзүн өнүктүрбөө. 

7. Жакындары жана өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчилик албоо.Мотивациясы жок адамдарда да акча болбойт.

8. Башкалар менен салыштыруу. Ал мыкты мен жаманмын деген сыяктуу ойлорду ойлоп алган адам өзүн басынта берет. 

9. Жакпаган жумуш. Мындай учурда адам өзүнүн кызыкчылыгына каршы иштейт. 

10. Акчаны үнөмдөөнү, сарамжалдоону билбөө.Мисалы, тапкан акчасын жакындарына бере берүү же болбосо пайдасы жок кийим, буюм, тамак-аш сатып ала берүү.     

11. Айрым адамдарга жок деп айтканды билбей  өзүнү чегин коргой албай калуу же болбосо көп күчүн энергиясын алган жаман, “вампир” адамдар менен мамиле кылуу. 

12. Баардык ийгиликтерди акча менен өлчөө.Адамдын маанайы акчасына жараша болсо бул жаман белги. 

13. Адамдар менен достошуп, тил табыша билбөө дагы акчанын табылышына тоскоолдук жаратат.

14. Адамдарга, дүйнөгө, өзүнө тескери баа берүү. Мындай картина менен жашаган адам өзүнүн мүмкүндүктөрүн колдон чыгарып жиберет. 

15. Башкалардын эсебинен жашап, аларга көз каранды болуу.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kp-akcha-tabuuga-toskool-bolgon-15-zhagdaj



Добавить комментарий