Сизди жаш көрсөтө турган чачтын түсү кандай болушу керек?

8 апреля 2022 12:29 3439 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаш көрүнүүнү ар бир эле аялзаты каалайт. Бул үчүн косметологго ар кандай процедуралар үчүн чуркабай чачыңызды модалуу түскө боетсоңуз дагы бир кыйла утушка ээ болосуз. 

Туура өңдө боелгон чач эң аз дегенде 2-3 жылга сизди жаш көрсөтөрү анык.

Балаяж

Мелирование жаңы чыккан кезде баардыгы аны жасатып чыкканы эсиңизби? Балаяж бул анын заманбап варианты. Эң эле ачык түс чачтын уч жагы болуп калат. Бул натыйжаны алыш үчүн чач чебери бир канча өңдү кошуп аралаштырат.

Кызгылт блонд

Ак саргыл кыздар үчүн эң жакшы вариант, ал эми өңү кара торуларга бул түс такыр жарашпайт. Бул түс кулпунайдын өңүндөй кызгылт өң бериши керек.Мындай түстөр бетти жымсал кылып көрсөтөт.Бирок таптакыр кызгылт кылып чачтын жана өзүңүздун бааңызды да түшүрүп алгандан абай болуңуз.

Эгер бет териңиз тез кызарып кете турган болсо да бул өңдөн баш тартыңыз.

Жез түстүү блонд  

40 жаштагы айымдардын арасында көп колдонулган түс. Ал табийгый сулуулукту ачып берүүгө көмөктөшөт.Өтө сары кылып жиберүүдөн абайлаңыз!

Карамель түстүү

Бул учурда эң модалуу болуп жаткан түс.Мындай чачтын өңү көздөрү кара түстүү айымдарга жакшы жарашат.Ким имиджин кардиналдуу өзгөртүүнү каалап жатса да бул түс жакшы көмөкчү болот.

Буудай түсү

2019-жылы эң эле хит болуп жаткан түстөрдүн бири бул буудай өңү. Айланадагылар сиздин чачыңыздын боелуп боелбогонун байкабай да калышы ыктмал. Бул өңгө ачык дагы, күңүрт дагы макияж жасаганга ыңгайлуу.

Буудай түстү 30 жаштан ашкан айымдарга сунушташууда.

Ссылка: https://barometr.kg/sizdi-zhash-krst-turgan-chachtyn-ts-kandaj-bolushu-kerek



Добавить комментарий