Жигитим үйлөнөм дейт. Мурда турмушка чыгып ажырашканымды кантип түшүндүрөм?

15 июля 2022 08:45 3207 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мен анын кетип калганын таптакыр каалаган жокмун. Улуу эжелерден кеңеш күтөм!”, - деп жазды Сезим.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул ирет Сезим (аты өзгөртүлдү) аттуу каарманыбыздын жазган соболун сунуштайбыз.

“Саламатсызбы, админ! Менин атым Сезим. Өткөн жылы күзүндө курбу кызымдын тоюна барып Канат аттуу жакшы жигит менен таанышып калдым. Жашым 29да, жумгалдык жигит экен. Мен мурда турмушка чыгып бир жыл жашап ажырашкам. Ачыгын айтсам жолдошум уруп сабаганды жакшы көргөн бала болчу, анан дагы талма оорусу бар болгонун билгенден кийин кетип калгам.

Канат мага абдан жакты, бирок башында жөн гана достук иретинде мамиле кылып жүрдүм. Мурдагы турмушум тууралуу айткан эмесмин. Эми ала мага үйлөнүүгө сунуш киргизип жатат, кантип ачык айтууну билбей жатам. Курбуларыма кеңешсем “баарын айтсаң таарынып кетип калат” дешти. Мен анын кетип калганын таптакыр каалаган жокмун. Улуу эжелерден кеңеш күтөм!”, - деп жазды Сезим.

Бул тууралуу сиз кандай пикирдесиз, окурман. Сезимге эмне деп кеңеш берсеңиз туура болот?

Ссылка: https://barometr.kg/zhigitim-jlnm-dejt-murda-turmushka-chygyp-azhyrashkanymdy-kantip-tshndrm



Добавить комментарий