Швейцария жана Ага Хан Фонду Нарындын фермерлерине жер семирткич менен тоют уруктарын берди
Коронавирустун региондо жайылышынан келип чыккан социалдык-экономикалык коркунучтарга жооп берүү үчүн, Нарын облусунун фермерлерине жана ветеринарларына тоют уруктары жана жер семирткичтер, ошондой эле жеке коргонуу шаймандары берилди. Бул тууралуу аталган фондудан кабарлашты.
Бул гуманитардык жардам Швейцария өкмөтү жана Кыргызстандагы Ага Хан фондунун колдоосу менен “Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорундагы мал чарбасын тез арада колдоо” долбоорунун алкагында берилген.
Долбоор жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун 300дөн ашуун муктаж болгон фермердик чарбаларына колдоо көрсөтөт. 260 гектар аянтка тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө жетиштүү болгон жана кризис маалында фермерлерди колдоо үчүн аларга 40 тонна арпа үрөнү, 8 тонна экспарцет үрөнү жана 10 тонна аммофос жер семирткичи берилди.
"Нарын облусунда мал чарбачылыгы негизги киреше булагы болгондуктан, бул райондордун ветеринарлары коопсуз шарттарда иштөө үчүн жеке коргонуу шаймандары менен камсыз болушту. Алар 100 даана медициналык респиратордук маскасы, 700 жуп кол кап жана 100 даана коргоочу көз айнекти камтыйт. Бул жардам Ат-Башы жана Нарын райондорунун Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктары аркылуу жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Коронавиру пандемиясы фермерлердин социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди жана айдап-себүү маалындагы негизги маселе болуп аларга кечиктирбей колдоо көрсөтүү болду. Бул чаралар калктын кооптуу абалда калган адамдарына ишин улантууга, малдарын коопсуз эмдөөгө жана региондогу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Гуманитардык жардам жеткирүүдө бардык санитардык сактык чаралары камсыздалган.
Ссылка: https://barometr.kg/shvejcariya-kmt-zhana-aga-han-fondu-naryndyk-fermerlerge-zhardam-krstt
Добавить комментарий ×