Шавкат Мирзиёев Өзбекстанда күнүнө 5 миллион даана беткап чыгарууну буюрду
Өзбекстандын президенти өлкөдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус 83 кишиден табылып, 1 аял каза болгон.
Мирзиёев тийиштүү мамлекеттик органдар менен видеожыйын куруп, ар бир мекемеге тапшырмалдарды берди. Жыйын учурунда 10 миң кишиге ылайыкталган карантиндик аймактын курулушу аяктап калганы айтылып, 5 миң кишиге ылайыкталган жугуштуу ооруларды дарылай турчу эки оорукана курулуп жатат. Андан сырткары Сурхандарыя, Наманган жана Новаои облустарынын ар бирине миң кишиден бата турчу модулдук клиникалардын курулушу башталган.
Президент Саламаттык сактоо министрлигине 300 миң экспресс-тест, 500 өпкөнү желдетүүчү аппарат сатып алууну тапшырып, медициналык беткаптарды күнүнө 5 миллион даанага чейин чыгаруу керектигин баса белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/shavkat-mirziyoev-zbekstanda-knn-5-million-daana-betkap-chygaruunu-buyurdu
Добавить комментарий ×